“Жунда” заводу мамлекетке жылына 5-6 миллиард сом салык төлөп жатат”,- деп билдирди өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Канатбек Исаев 17-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында.
Анын билдиришинче, “Кумтөрдөн” канча салык түшсө, “Жунда” заводунан да ошончо салык түшөт.
“Бирок “Кумтөрдө” биздин алтыныбыз казылып жатат, а “Жунда” бизден эч нерсе албайт. Болгону экологияны булгабоо боюнча талабыбызды аткарышы керек. Менимче, 300 миллиард доллар инвестиция салган инвестор жөн эле таштап кетип калбайт, коюлган талаптарды аткарып, иштөөсүн улантат болуш керек. Иштеш керек, анткени “Жунда” биздин мамлекет үчүн өтө маанилүү”,- деди өкмөт өкүлү.