Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт

Өлкөнүн тоолуу аймактарында 20-февралга чейин күтүлүп жаткан катуу жаан-чачындарга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Ага байланыштуу жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл экендигин эскертет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан