Ош мамлекеттик университети менен Түркиянын "Мевлана" программасы боюнча кызматташуусунун алкагында окутуучулар, студенттер тажрыйба алмашып келишүүдө. Ушундай эле максат менен Ош мамлекеттик университетинин дагы 13 окутуучусу жазында Түркиядагы окуу жайларга барышат.
Окуу жайдан кабарлашкандай, окуу жайдын ректору Каныбек Исаков Түркиянын "Мевлана" программасы боюнча Кастамону, Синоп, Муш, Байбурт университеттеринде болуп келген жана жакынкы аралыкта сапарга аттана турган окутуучулар, студенттер менен жолугушуп, пикир алышты. Ош мамлекеттик университетинин 13 студенти "Мевлана" программасы боюнча Түркиядагы университеттер менен таанышып, алгачкы семестрде 4 ай билим алып келишсе, аталган университеттерде 9 окутуучу эки жумалык иш сапары менен болушуп, тажрыйбага ээ болуп келишкен.
Ушул программанын алкагында сынактан ОшМУда эмгектенген 22 окутуучу өткөн болсо, алардын ичинен 9 окутуучу I семестрде барып келишсе, калган 13 окутуучу март, апрель айларында Кастамону, Синоп, Невшехир, Байбурт университеттеринен тажрыйба алмашып келүү алдында турушат.
Белгилей кетсек, "Мевлана" программасы эки окуу жайдын ортосунда өз ара достук мамилени орнотуу, студенттердин, окутуучулардын, илимпоздордун академиялык тажрыйба алмашуусуна өбөлгө болуучу программа болуп саналат. Жогоруда аты аталган университеттер менен ОшМУ "Мевлана" программасы боюнча келишимге кол коюп, кызматташып келет.