Жылнаама, 18-февраль: Мындан 102 жыл мурун Педро Ласкураин 1 саатка Мексиканын президенти болуп, рекорд койгон

* Мындан 77 жыл мурун, 1938-жылы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башында турган коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер, агартуучу илимпоз Абдыкерим Сыдыков репрессияланган.
Абдыкерим Сыдыков 1889-жылы Чүй өрөөнүнүн Баш-Кара-Суу деп аталган жеринде манаптын үй-бүлөсүндө туулган. Мусулман мектебинде, Верныйдагы (Алматы) эркектер гимназиясында окуган. Пишпектеги уезддик башкармалыкта котормочу, ошол эле уезддин комиссарынын орун басары - Орусиянын убактылуу өкмөтүнүн өкүлү, Орто Азия мамлекеттик университетинде кызматчы, Орто Азия пахта институтунда суу чарба деканынын орун басары, Кыргыз АССР Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. "Алаш" партиясынын мүчөсү, кыргыздардын өз алдынча автономиялуу мамлекет болуу идеясын киргизгендердин бири. Кыргыздын тарыхы жана генеалогиясы боюнча макалалары Ташкентте жарыяланган. "Кыргыз элинин өсүп-өнүгүш тарыхынын кыскача очерки", "Кыргыздардын урук-урук болуп бөлүнүшү", "Көчмөндөр тобунда малды багууну уюштуруу", "Орто Азиядагы журтчулук жана ачарчылык" деген эмгектери бар. 1938-жылы 49 жаш курагында атылып кеткен.
* Мындан 102 жыл мурун, 1903-жылы Педро Хосе Доминго-де-ла-Кальсада Мануэль Мария Ласкураин Паредес Мексиканын президенти катары бийликке келген. Ал мамлекетти 1 саат гана башкарганы белгилүү. 
1913-жылы 18-февралда Мексиканын генералы Викториано Уэрт президент Франсиско Мадерону кулаткан. Кулатылган соң өлтүрүлгөн. Конституцияга ылайык, убактылуу президент болуп өлкөнүн тышкы иштер министри Педро Ласкураин дайындалган. Педро Ласкураин Викториано Уэртти өзүнүн ордуна дайындап, өкмөттөн кеткен. 
* Мындан 36 жыл мурун, 1979-жылы Сахара чөлүндө кар жааган. Аба ырайынын мындай өзгөрүшү бул жерде дээрлик катталган эмес. Жамгыр аралаш кардын жаашы Алжирдеги автоунаалардын жүрүүсүн токтоткон. Окумуштуулар бул көрүнүшкө бир тараптуу жооп табышкан эмес. Бирок алар Жер жүзүндөгү климаттын өзгөрүп турушу демейдеги көрүнүш экенин айтып чыгышкан. Алсак, палеолит мезгилинде (б.з.ч. 10 миң жыл мурун) чөлдүн орду нымдуу аймак болгону аныкталган. Дарыялар агып, жаныбарлар байырлаган жана адамдар күнүмдүк тиричилигин өткөрүп келишкен. 
* Мындан 86 жыл мурун, 1926-жылы дүйнөлүк киноискусство жаатында эң негизги сыйлык деп саналган Американын улуттук "Оскар" киносыйлыгын тапшыруу аземи биринчи ирет өткөрүлгөн. Жеңүүчүлөр азыркыдай эле кинолента түрмөгүндө кылыч менен турган рыцардын элеси түшүрүлгөн статуэтка менен сыйланышкан. "Оскар" сөзү киносыйлыктын 6-гана өтүшүндө колдонула баштаган. Бул атты ким бергени тууралуу так маалымат жок, бирок эки болжол бар: 1. Бетти Дэвис аттуу актриса "Оскар" деген атты ал бергенин бир нече жолу кайталаган, статуэтка ага анын ошол кездеги күйөөсү Хармон Оскар Нельсондун элесин калтырган; 2. Академиянын катчысынын ыйгарым укуктарын алган Маргарет Херрик статуэтканы кармаганда "Бул менин байкем Оскар да!" дегенин айткан.
"Оскар" киносыйлыгы Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда да, Американын президенти Рейганга кол салуу болгон жылы да токтотулуп же башка күнгө жылдырылган эмес. Жыл сайын февраль айында өтүп келет.
18-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ariet7
2015-02-18 02:51:47
Тээтиги Педро аты да укмуш экен байкуш эмне болуп бир эле саат башкарып калды экен ))))
0
chalkan
2015-02-18 09:11:08
Бизде Мадумаров болгон, Бакиев өлдү деп 10 мин президент боло калган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан