"Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мемориалынын абалы коомчулукту кабатырлантууда. SUPER.KG порталына кайрылган окурмандар мемориалды көзөмөлгө алган тиешелүү мекемелерден жооп алып беришибизди өтүнүштү.
Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө куран окутуу үчүн барып, жагымсыз жагдайга туш болгондордун
бири: “Биз "Ата-Бейитке" барганыбызда
Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин чатырынын алды толугу менен урап түшүп калыптыр. Дем алыш күн болгондуктанбы, баары чачылып жаткан экен. Аны көрүп аябай капаландык. Кантсе да ал ыйык жер, кыргыздын атын дүйнөгө
тааныткан залкар адамдын эстелиги да. Анын үстүнө ал жерде башка жактан келген
жарандар да жүрүштү. Алар да урап жаткан топурактарды сүрөткө тартып жатышты”,- деп кейиди.
Маалыматка ылайык, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган мемориал былтыр 14-ноябрда расмий түрдө ачылган. “Ата-Бейит” комплексинин директорунун айтымында, ал убакыттан бери мемориал 3 жолу урап түшкөн. Аны курган куруучулар келип, оңдоп-түзөп кетишкен. Бирок ал үстүнө кар түшүп, суу аккандыктан, кайрадан эле урап калууда.
Бул жагдай
тууралуу жазуучунун бир тууган
карындашы Роза Айтматова мемориалдын курулуш иштери кыска мөөнөттүн аралыгында бүткөрүлгөнүн айтып, курулуш иштеринин акыркы этаптарында анын чатыры жасалганын кошумчалады. Аны курууда айрым бөлүктөрү жакшы пландалбай калгандыктан улам чатырга түшкөн суу сыртка акпай, чатырдын астына түшүүдө.
“Ата-Бейиттеги” Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган мемориалынын чатырынын алды урап баштаганда биз аны курган жарандарга кайрылганбыз. Алар келип, аны көрүп, оңдоп-түзөөгө аракеттенишкен. Бирок ал натыйжасыз болду. Мемориалдын ачылганына 1 жыл айлана элек, бирок анын үстүнөн аккан суу аны кайрадан уратууда. Азыр кыш болгондуктан, күн жылыган сайын кар эрип, жамгыр жаап, ал толук оңдолуп бүтө элек. Алгач ал шаардык мэриянын карамагына өткөн, кийин Улуттук гвардиянын карамагына өтүп кетти. Чыңгыз Айтматовдун мемориалынын курулушунун 95 пайызы Аскардын өзүнүн каражатына аткарылган. Кийин мемориалдын чатырын бүтүрүүгө каражат жетпей калып, ал дагы 100 миң сом насыя алган. Президент да өз каражатынан бөлүп берген болчу”,- деди.
Ал эми бул
долбоорду башынан аягына чейин курдуруп, өзүнүн зор эмгегин жумшаган Чыңгыз
Айтматовдун уулу Аскар Айтматов бул тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:
"Атамдын элесине арналган эстеликтин чатырынын үстүнөн суу агып, ушундай жагымсыз нерселер болууда. Учурда ал жерде оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Буюрса, жакынкы убакыт аралыгында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги музейди реконструкциялоо иштери жүргүзүлмөкчү. Андан сырткары ал жакка мечит куруу пландалууда, ошондой эле даараткана курулмакчы. Себеби ал жакта бүгүнкү күндө даараткана жок. Алгач “Ата-Бейитке” 2 же 3 кабаттуу комплекс куруу пландалган. Бирок жер жумшак болгондуктан, ал ишке ашпай калды. Француздардын “Пантеону”, америкалыктардын “Арлингтону” бар, ал эми “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси кыргыздын ыйык жери болушу керек. Ага жараша татыктуу кам да көрүлүшү керек эле. Мен эч кимге доомат койгум келбейт, эч кимден жардам да күтпөйм".
Ал аталган жай кайсы мекемеге караса да, ага мамлекеттик деңгээлде кам көрүлүшү керектигин белгилеп өттү. “Бул мемориалдын чатырынын урашы менин катачылыгым, демек, ал менин жеке көйгөйүм. Аны жакынкы убакыт аралыгында оңдоого бардык күчтөр жумшалмакчы”,- деди А.Айтматов.
Улуттук гвардиянын басма сөз бөлүмүнүн улук офицери Толкунбек Раимжанов: “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси Улуттук гвардиянын карамагында. Бирок сиз атаган Чыңгыз Айтматовдун мемориалы расмий түрдө бизге өткөрүлүп бериле элек. Ал бизге өткөрүлүп берилген күндөн тарта биздин кызматкерлер аны сактоого жана кайтарууга жоопкерчиликтүү болушат”,- деп билдирди.