Эртең борбордун бир катар аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 18-февралда борбордун бир катар аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн саат 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунун Көк-Жайык, Көк-Жаңгак, Босого, Шоокум, Кулмурзаев, Чар, Арстанбап, Достоевский көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Ошондой эле Низовая, Весёлая, Лермонтов, Целиноград, Салиева, Древесная, Кирпичная, Осмонкул, Манас, Удмурт, Чүй көчөлөрүндө “Орок”, “Лермонтов” көмөк чордонунан тараган 10 кВт аба электр чубалгысы жана №248-көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. "Түндүк электр" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан