7-8-февраль күндөрү Бишкек шаардык ИИББинин издөөсүндө жүргөн 5 адам кармалды. Алар жол эрежесин бузуу, каракчылык, бейбаштык кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз кызматы билдирди.
1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 37 жаштагы тургуну К.Руслан бейбаштык кылмышы боюнча кармалды. Ал 2011-жылдын 25-майынан бери издөөдө жүргөн.
2. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 38 жаштагы тургуну Э.Байказы жол эрежесин бузуу кылмышы боюнча кармалды. Бул жаран 2010-жылдын 30-августунан бери изделип жүргөн.
3. Талас облусунун Талас районунун 41 жаштагы жашоочусу Т.Мирлан уурулук фактысы боюнча кармалды, 2008-жылдын 25-октябрь күнүнөн бери издөөдө болчу.
4. Талас облусунун Талас районунун 42 жаштагы жашоочусу И.Урустам бейбаштык кылмышы боюнча кармалды, 2011-жылдын 26-июнунан баштап издөөдө болчу.
5. Жалал-Абад облусунун 24 жаштагы тургуну М.Айнура каракчылык кылмышы боюнча кармалды, ал 2011-жылдын 25-майынан баштап изделип келген.