Кочкор-Атадагы колледждин директору “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, облустук прокуратура жана 5-бөлүмдүн кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн иштердин натыйжасында Техникалык колледждин директору Куштарбек Тампагаров жана окуу бөлүмүнүн башчысы Момуналы Эргешов алдын ала сүйлөшүп алышып, жасалма документтер аркылуу 73 даана айдоочулук күбөлүктү 5000 сомдон сатышып, андан түшкөн 365 миң сом акча каражатын өз кызыкчылыктарына керектешкени аныкталды. Учурда бул факты боюнча прокуратура кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүрүүдө.