Бүгүн, 11-февралда Бишкекте 7-апрель окуясы боюнча сот иши уланууда. Сот ишине төрагалык кылган Дамир Оңолбеков УКМКнын “Альфа” бөлүгүнүн кызматкеринин жактоочусу белгилүү себептер менен сотко келбегененине байланыштуу Мамлекеттик күзөт кызматкерлери сотто сурала турганын билдирди. Мында, мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын “Арстан” атайын даярдыктагы аскерлеринин 3-бөлүгүнүн башчысы Расул Байтаков ага карата бийликти басып алуу жана электр энергиясынын баасынын кымбатташына катышы бар деген айыптар туура эмес экенин билдирди. “7-апрель күнү мен кайда бара жатканымды билген эмесмин. Ал күнү Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Байыш Эсенбай уулунун айтканын буйрук катары аткаргам”,-деди Байтаков. Айта кетсек, Апрель окуясы боюнча 21 адамга сот иши козголуп алардын алтоо издөөдө жүрөт. Сот иши соттолгондор менен камакка алынган адамдарды коштоп жүрүү боюнча департаментинде өтүп жатат.