"Эки баласын өлтүрдү” деп шектелип кармалган аял кечээ Ленин райондук сотунун чечими менен эки айга тергөө абагына камалды. Учурда ал 10 күндүк карантиндик камерада отурат. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу кызматынын маалымат борборунун өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди.
"Аталган айым №1-СИЗОго 2 айга камакка алынды. Учурда ал 10 күндүк карантиндик камерада отурат. 10 күндүн ичинде ал тиешелүү анализдерди тапшырат. Анда анын инфекциялык оорулары бар же жогу текшерилет. Анын жыйынтыгы менен оорусуна жана беренесине ылайык тиешелүү камерага которулмакчы. Мисалы, эгер ал кургак учук менен ооруса, кургак учук менен жабыркаган айымдар менен бирге отурат",- деди Э.Сабатарова.
Эске салсак, 15-февраль күнү Арча-Бешик жаңы конушундагы батирлердин биринен 3 жана 4 жаштагы балдардын жансыз денелери табылган. Бул кылмышка шектүү катары өлтүрүлгөн балдардын 33 жаштагы апасы кармалган. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү айым буга чейин борбордогу №44-мектепте мугалим болуп иштеп келгени аныкталган.