Нарын облусунда тоо текенин этин мыйзамсыз алып бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган жаран Ат-Башы районунун Т.У. аттуу тургуну болгон. Эгер ал белгиленген тартип боюнча келтирилген зыянды толтуруп бербесе, материалдар сотко өткөрүлөт. Мыйзамга ылайык, аталган жаран 55 миң сом айып пул төлөшү керек.