Борбордо Улуттук госпиталдын жанынан табылган эки жансыз ымыркайдын энеси изделүүдө

Борбордо Улуттук госпиталдын жанынан табылган жансыз ымыркайлардын энеси изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев билдирди. 

“Учурда ал эки ымыркай тиешелүү экспертизалардан өтүүдө. Анын толук жыйынтыгы дагы 2 жумадан кийин даяр болмокчу. Учурда бул иш боюнча бир нече адам суракка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө”,- деди О.Казабаев.

Айта кетсек, 5-февраль күнү борбордогу Улуттук госпиталдын жанынан эки жансыз наристенин денеси табылган. Алардын бири эркек бала, ал эми кийинчерээк экинчиси кыз экени аныкталган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, алар 8 айлык болуп өлүү төрөлүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
EdikoKG
2015-02-18 14:48:05
Эх Аллахым,адамдарга сабыр,ыйман бер. Адам баласы,адам убалынан коркпой калды.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан