Чүй облусунда тургундан 1500 доллар талап кылгандар боюнча кылмыш иши козголду

Чүй облусунда тургундан 1500 доллар талап кылгандар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-февраль күнү Чүй облустук прокуратурасынын кызматкери Б.М.С. жана Жайыл райондук прокуратурасынын коомдук жардамчысы С.Н.Н. Кара-Балта шаарынын тургунунан 1500 доллар талап кылганы үчүн кармалышкан. Кийин бул ишке адвокат Б.И.Бнын да катыштыгы бар экени белгилүү болгон. Учурда “пара талап кылуу” жана “пара алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан