Маалыматка караганда, 1994-жылы туулган Мария Рыбалова 19-январь күнү саат 09:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Ошондон бери издөө иштери жүрүп жаткан. Бүгүн, 18-февралда анын жансыз денеси Туран кичи шаарчасында жайгашкан атасынын мүрзөсүнүн жанынан табылды. Жанында бир канча белгисиз дарылар болгон. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.