Кыргызстанга аткезчилик жол менен ташылып келген 20 тоннага жакын унаа тетиктери алынды

Өлкө аймагына аткезчилик жол менен ташылып келген жалпы салмагы 20 тоннага жакын унаа тетиктери алынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кечээ "Аламүдүн" бекетине япониялык Ж.Х. аттуу жарандын атына унаа тетиктери жүктөлгөн контейнер келип түшкөн. "Северная" темир жол транспортунун "Аламүдүн" материалдык-техникалык транспорт бөлүмүнүн кызматкерлери аны текшерүүдөн өткөрүп, анын чыныгы салмагы менен сыртында жазылган салмакта айрыма бар экенин аныкташкан. 

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында анын сыртындагы салмагы 9,438 килограмм деп көрсөтүлгөн, ал эми аны таразага тартканда 19,900 килограмм болуп чыккан. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан