19-февралда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн -7°C
Талас облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -8°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +5°C, түнкүсүн -5°C
Баткен облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн -6°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -9°C
Нарын облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -16°C
Бишкек шаары. Күндүз +9°C, түнкүсүн -5°C
Эскертүү!
2015-жылдын 17-февралынан 20-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Каракол - Эңилчек, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.