"Ош шаарынын А.Навои көчөсүндө салынып жаткан эстакадалык көпүрөнүн курулушунун 2-этабы кызуу жүрүүдө. Эстакадалык көпүрөнү пайдаланууга пландалган убактысынан мурда беришибиз мүмкүн". Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда SUPER.KG порталына Ош шаарынын вице-мэри Жапарбек Ормонов билдирди.
“Жалпысынан эстакадалык көпүрөнүн алдына 16 тирегич орнотулат. Азыркы учурда көпүрөнүн 9-тирегичин орнотуу иштери аяктап калды. Мындайча айтканда, курулуш иштеринин жарымынан көбү аткарылып бүттү. Курулуш иштерине 70тен ашуун жумушчу тартылган. Оор техникалардын 10дон ашуун түрү иштөөдө. 3 жүк көтөргүч унаа, 15тен ашуун КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар, жетиштүү сандагы экскаватор жана тиешелүү техникалардын баары колдонулууда. Иштин баары атайын бекитилген план боюнча жүрүп жатат”,- дейт Ж.Ормонов.
Анын айтымына караганда, курулуш иштери былтыр ноябрь айында башталган. Ал эми анын курулушун толук бүтүрүү ушул жылдын сентябрь айына чейин пландалууда.
“Биздин негизги максат - көпүрөнү сапаттуу куруу, келечекте анын 100 жылга кызмат кылуусу. Учурда курулуш иштери тиешелүү 3 мекеме тарабынан катуу көзөмөлдөнүүдө. Алардын бири Мамлекеттик техникалык көзөмөлдөө кызматы, алар курулушка керектелүүчү каражаттарды толугу менен текшерүүдөн өткөргөн соң гана пайдаланууга берип жатышат. Учурда негизги көйгөй көпүрө салынып жаткан жердеги айрым жер тилкелери мыйзамсыз сатылып кеткени болууда. Ал жер тилкелеринин ээлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатабыз. Буюрса, ал маселелер да толугу менен чечилмекчи",- деп кошумчалайт Ж.Ормонов.
Маалыматка ылайык, учурда көпүрөнүн 3-этабынын курулушу боюнча долбоор даярдалууда. Анын жүрүшүндө ички жолдорду куруу иштери башталмакчы.