Жылнаама, 19-февраль: Мындан 18 жыл мурун Кытайдын эл башкаруучусу Дэн Сяопин Пекинде каза болгон

* 19-февраль -  Бүткүл дүйнөлүк кит жана дельфиндерди, деңиз жаныбарларын коргоо күнү. Бул майрамды Эл аралык кит уулоочу комиссия киргизген. 1986-жылы 19-февралда коммерциялык азык катары кит уулоого тыюу салынган. Тыюу салынган соң Япония санкциялардын коркунучу менен келишимге кирүүгө мажбур болгон, бирок "илимий изилдөө үчүн уулоо" деп күнүнө үчтөн кит кармоого мүмкүнчүлүк алган. Бул изилдөөлөрдөн кийин киттин эти ресторандарга түшкөн. 2007-жылы Япония кит уулоону кайра баштоо сунушун киргизген. 2010-жылы 19-февралда Австралиянын премьер-министри Кевин Радд Япониядан китке аңчылык кылууну токтотууну талап кылып Гаагадагы Эл аралык сотко берерин айткан.
* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы Кытайдын эл башкаруучусу, КЭРдин КП БКсынын 5-башкы катчысы Дэн Сяопин Пекинде каза болгон. Дэн Сяопин (чыныгы аты-жөнү Дэн Сяньшэн) – кытайлык саясатчы жана реформатор. Кытай Коммунисттик партиясынын ишмери, улуу жол башчы. Ал 1904-жылы 22-августта Сычуань провинциясында Гуанъань кыштагында төрөлгөн. Дэн Сяньшэндин кичине кезинде апасы каза болуп калат. Атасы аны мыкты делген мектепке киргизип, билим алуусуна шарт түзөт. Окуп жүргөн чагында фамилиясын Сяопин деп өзгөртөт. 1919-жылы 15 жаш курагында Францияга окууга жөнөйт. Акчадан кыйналганына байланыштуу окуп да, иштеп да жүрөт. Алгач темир жолдо, кийинчерээк “Рено” автозаводунда, андан соң өрт өчүрүүчү, официант болуп эмгектенет. 1923-жылы Кытай жаштарынын коммунисттик союзуна кирет. 1923-жылы Кытай Коммунисттик партиясына (ККП) өтүп, Кытай жаштар союзунун лидери да боло алган. 1926-жылы Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин университетине тапшырып, билим алат. 1945-жылы Кытай Коммунисттик партиясынын секретары болуп орношот. 1952-жылы вице-премьер болуп иштейт. 1966-1969-жылдардагы маданий төңкөрүштөн кийин Дэн достору менен репрессияга кабылган. 1973-жылы акталып, премьер-министрдин орун басары болуп дайындалат. 1975-жылы ККПнын төрагасынын орун басары болуп кызмат кылган. 1977-жылдан тарта өлкөнүн экономикасын, айыл чарбасын, өндүрүш, курулуш, экспортту жөндөөгө жетише алган. Анын ысымы 1996-жылы июнда Бишкектин көчөсүнө ыйгарылган.
* Мындан 53 жыл мурун, 1962-жылы милициянын генерал-майору, ИИМдин башчысы Мелис Турганбаев Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономист адистигин, 1986-жылы Ленинград шаарында СССРдин ИИМинин жогорку курсун бүтүргөн. Мелис Турганбаев эмгек жолун 1986-жылы Кыргыз ССРинин ИИМинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын оперативдик кызматкери болуп баштаган. 2014-жылы ички иштер министри болуп дайындалган.
* Мындан 36 жыл мурун, 1979-жылы орусиялык ырчы Витас Латвияда төрөлгөн. Өз аты-жөнү - Виталий Грацев. 7 жашында Одессага көчүп кетишкен. 
Витас орус эстрадасына 1999-2000-жылдары келип, дароо эле өз күйөрмандарынын тобун тапканга жетишкен. Башка ырчылардай болуп басма сөзгө интервью бергенди жактырчу эмес. Себеби "Өзүң ырдайсыңбы же чын эле экинчи үн жасатып, моюнуңа бир нерсе тиктирип алдың беле? Эмне үчүн аялдар сыяктуу ырдайсың?" деген суроолор анын ички дүйнөсүнө жана карьерасына терс таасирин тийгизет деп эсептеген.
19-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан