Акыркы суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, Бишкекте жеңил унаа толугу менен күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн суткада республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Борбордогу Кантемиров көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан Дади үлгүсүндөгү жол тандабас унаа толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Өзгөн районундагы унаа сырдоочу жайдан өрт чыкты. Анын кесепетинен аянты 110 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры, унааны сырдоо бөлмөсү, жасалгасы, унаа сырдоо аппараты, Дэо Тико үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Учурда имараттын ээси такталууда. Өрттүн келип чыгуусуна этиятсыздык себеп болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан