Чүй облусунун тургуну өз эрки менен ок-дарыларды тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Москва районунун 45 жаштагы Ш.С. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 5,45 калибрлүү 19 даана ок-дары таап алганын айтып, аны тапшырган.
Айта кетсек, мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды өз эрки менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышпайт.