Борбор калаада зордуктоого шектелген жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаардын тургуну кайрылган. Анда ал Махмуд аттуу чала таанышы күч колдонуу менен аны зордуктап койгонун айткан. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.