20-22-февраль аралыгында Германиянын Дюссельдорф шаарында дзюдо боюнча "Гран-При" мелдеши орун алат. Бул мелдеште Рио-де-Жанейро Олимпиадасына жолдомо ойнотулат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган агенттик тарабынан курама команданын Германияга барып мелдешке катышуусу үчүн 353 696 сом бөлүндү. Кыргызстан курамасынын мүчөлөрү мелдеш жыйынтыкталган соң 4 күн аталган шаарда машыгуу сборунан өтүшөт.
Курамга кирген Бектур Рысманбетов, Юрий Краковецкий сыяктуу спортчулар башкы машыктыруучу Абдразак Шаршеновдун жетекчилиги астында мелдеште өз күчтөрүн сынашат.