Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге жихад жарыялаган жаран 8 жылга жатак-абагына кесилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, 24 жаштагы Бактияр Даутов Алмазбек Атамбаевге багытталган видеокайрылуусу үчүн Бишкектен кармалган. Кылмышка шектүү 2012-жылдын май айында жасаган кайрылуусунда Москвада Манастын эстелигинин коюлушу Жаратканды мазактоо экенин айтып, өлкө башчысынын жүргүзүп жаткан саясатына каршылыгын билдирүү менен ага жихад (муфтият: “Жихад” деген сөз жалпылап алганда “Алла Таала жолундагы кыймыл-аракет” деп түшүндүрүлөт. Даутовдун контекстинде ал сөз “Алла жолундагы согуш” деген маанини берет) жарыялаган.
Бул боюнча Бактияр Даутовго “конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо”, “улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу”, “экстремисттик материалдарды таркатуу же болбосо аларды даярдоо жана жайылтуу максатында сатып алуу, сактоо, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик уюмдардын символикасын же атрибуттарын атайылап колдонуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 2014-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 5 жылга шарттуу кесип, Даутов экстремисттик материалдарды таркатуу боюнча гана айыпталып, президентке жихад жарыялаганы боюнча акталган. Кечээ, 18-февралда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Даутовду 8 жылга жатак-абагына кести.