"7-апрелде "Арстандын" кызматкерлери митингчилерге каршы бир дагы ок аткан эмес". Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда 2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча жүрүп жаткан сот ишинде Мамлекеттик күзөт кызматынын “Арстан” атайын даярдыктагы аскерлердин 3-бөлүгүнүн башчысы Расул Байтоков билдирди. "Мамлекеттик күзөт кызматкерлери Ак үйдүн чатырында жүргөн. Биздин милдетибиз митингчилерге көзөмөл кылуу жана куралчан адамдарды аныктоо эле. Ошондой эле башка имараттардын чатырларында белгисиз адамдар жүргөнүн көргөнбүз. Болжол менен саат 18:00дө мага бир тууган агам телефон чалып, элге ок атылып жаткандыгын айтты. Бирок биз бул учурда эч кимге каршы ок чыгырган жокпуз. Анан биз ылдый көздөй түшүп жатканда автоматтан ок жаады, кызматкерлердин бири коркконунан бир жолу абаны көздөй ок чыгарды",- деди Байтоков.