Жалал-Абад облусунда тоноо фактысына шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 1974-жылы туулган жаран кайрылган. Анда ал Жалал-Абад шаарында белгисиз үч адам коркутуп, акчасын жана уюлдук телефонун алып коюшканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Сузак районунун 3 тургуну кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.