Медициналык борбордун башчысынын доктордук диссертациясы 47,8 пайыз плагиат экендиги айтылды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Адамдык репродукция боюнча кыргыз илим борборунун башчысы Аида Токтоматованын доктордук диссертациясы 47,8 пайыз башка эмгектен көчүрүлүп алынган. Бул тууралуу бүгүн, 19-февраль күнү маалымат жыйынында Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары Бакыт Тыналиева билдирди. Анын айтымында, стандарт боюнча, илимий иште 10 пайыз гана башка булактан көчүрүп алууга болот.

“Жогорку аттестациялык комиссия Аида Токтоматованын доктордук диссертациясын экспертизадан өткөрдү. Мындан тышкары Американын Илимдер академиясынын мүчөсү Эндрю Вахтелдин эксперт катары оюн билдик. Анын айтымында, бул илимий ишти аттестациядан өткөрбөө керек. "Мындай адис кызматында көптөгөн адамдардын ден соолугуна зыян келтириши же өлүмүнө себепкер болушу мүмкүн" делет анын катында”,- дейт Тыналиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sadyrov_n93
2015-02-20 00:29:56
Андайлар толуп жатпайбы,ушундайлардын алдын алыш керек а то университеттерде профессор,доктор,кандидаттар толуп кеткен плагиат колдонуп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан