Базар-Коргондо уурулук кылганы үчүн 22 жаштагы жаранды сабап өлтүрүп алгандар кармалышты

Базар-Коргондо уурулук кылганы үчүн 22 жаштагы жаранды сабап өлтүрүп алгандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя февраль айынын башында Базар-Коргон районунда болгон. Анда Сузак районунун 22 жаштагы тургунун уурулук кылганы үчүн 3 адам ур-токмокко алган. Мунун кесепетинен жабыркаган адам ооруканага жаткырылып, үч күн өтпөй каза болуп калган. Учурда “саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүүлөр кармалган.

Алдын ала маалымат боюнча, каза тапкан 22 жаштагы жигит Орусияда мекендешинин акчасын уурдап, Кыргызстанга келе берген. Бул боюнча акчасын уурдаткан адам Базар-Коргондогу туугандарына билдирген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurik2103
2015-02-19 16:39:51
Олгон адамдын озунон кетиптир
+2
beka88
2015-02-19 18:12:20
туура эле болгонго,элестет пешене тери менен тапкан болсо аны неге уурдап келе берет
+2
EdikoKG
2015-02-19 20:08:41
Эми,аларды кармап берип,соттотсо деле акча мн чыгып кетет да. Анан кайра уурулук кыла беришет. Бул иш бештен белгилуу да. Менимче туура кылышкан.
0
taku0214
2015-02-20 00:32:50
самасуд туура эмес. эми оздору балээге калышты.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан