Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздук кызматы Чүй облусунун райондорунда профилактикалык иш-чара өткөрүп, натыйжада жол эрежесин бузган 565 айдоочу кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө олуттуу жол эрежесин бузган айдоочулар болгон.
Алар:
- ичимдик ичип алып унаа башкаргандар - 11;
- катуу ылдамдыкта айдагандар - 120;
- унаанын айнектерин караңгылатып айдагандар - 24;
- тиешелүү документтери жоктор - 146;
- унааны номуру жок айдагандар - 10;
- ар кандай жол эрежелерин бузгандар - 254.
112 унаа убактылуу токтотуучу жайга жеткирилген. Иш-чара республиканын башка аймактарында да улантылмакчы.