Бишкекте "ролик тебүү үчүн үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз" делип 10-класста окуган эки кыз изделүүдө

Бишкек шаарында 17 жаштагы эки кыз изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда жоголду делген кыздардын биринин тууганы Жолдошбек Тайлаков билдирди. 

Маалыматка караганда, 14-февраль күнү саат 14:00 чамасында 17 жаштагы Муратбек кызы Бегимай жана Таалайбек кызы Айгерим Кара-Жыгач жаңы конушунан классташтары менен бирге ролик тебүү үчүн чыгып кетишкен. Бирок үйлөрүнө кайтып келишкен эмес. Алар аталган конуштагы мектепте 10-класста бирге окушчу. Кыздардын жүргөн жерин билгендер же кандайдыр бир маалыматы барлар 102, (0312) 54-41-84, (0707) 07-35-95, (0551) 10-29-97, (0555) 77-71-35 телефон номурларына чалышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Akmosha
2015-02-19 16:06:49
Классташтары менен чогуу болушпаппы,бир сонун кыздар экен.Табылып калса экен.
+2
maks100589
2015-02-20 09:24:12
Азыркы кыздаржын журум-туруму начар. Каяка кетмек эле? Эгер туз журушсо!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан