Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Ош облусунун жана Ош шаарынын 130 тургуну Сирияга согуштук аракеттерге катышууга кеткени аныкталганын 19-февралда Ош шаарында укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешинин жыйынында билдирди. Вице-премьер-министр 2014-жылы диний экстремизмге каршы күрөшүүдө Ош шаарынан жана Кара-Суу районунан “Хизбут-Тахрир” уюмунун уюшкан үч тобу кармалып, ишмердүүлүгү токтотулганын кошумчалап, кармалган топтун 15 мүчөсүнүн 12сине кылмыш иши козголгонун айтты.