Бишкектеги Экономика жана каржы институтунда коррупциялык схема аныкталды

Бишкектеги Экономика жана каржы институтунда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Экономика жана каржы институтунун кызмат адамдары 3-курстун студенттеринен контракттык төлөмдөр үчүн 31 миң сомдон алышкан. Бирок окуу жайдын прейскурантында ал сумма 17 миң сом деп көрсөтүлгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө мыйзамсыз чогултулган акча каражаты 665 миң сомду түзгөн. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан