Жылнаама, 20-февраль: Мындан 12 жыл мурун АКШда концерт болуп жаткан учурда атылган фейерверктен улам өрт чыгып, 100 киши каза болгон

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы ИИМдин, УКМКнын, Мамлекеттик мүлк фондунун сайттары кибердик чабуулга кабылып, ага өздөрүн "Clone-Security" деп атаган Өзбекстандын хакерлер тобу байланыштарын калтырган.
 
* Мындан 30 жыл мурун, 1985-жылы орусиялык ырчы, "Тату" тобунун экс-солисти Юлия Волкова Москвада туулган. Атасы Олег Волков ишкер, апасы Лариса Волкова балерина болгон. 7 жашында жалпы билим берүү мектебинде, ошондой эле №62-балдар музыкалык мектебинде фортепиано классында окуган. 9 жашында “Непоседы” балдар вокалдык-инструменталдык ансамблине кирген. 1995-жылы №1113-жалпы билим берүү мектебинин театрга даярдык бөлүмүнө которулган. Юлия “Ералаш” балдар киножурналына дагы тартылган. 1999-жылы 14 жашында “Тату” тобуна келип, 2000-жылы Гнесин атындагы эстрада-жаз окуу жайынын вокал бөлүмүнө тапшырган. 2009-жылга чейин Юлия “Тату” тобунда ырдап, андан кийин жеке чыгармачылыгы менен иштеп баштаган. 2011-жылы күйөрмандарына жаңы эки ырын тартуулаган. 2012-жылы Юлия “Евровидение” сынагынын тандоо турунда “Back to Her Future” аттуу ырды Дима Билан менен дуэт аткарып 2-орунга чыккан. 2013-жылы Юлия Волкова жана Дима Биланга “Жылдын дуэти” наамы ыйгарылган.
* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы барбадостук ырчы Рианна Вест-Индиядагы Барбадос аралында төрөлүп, балалыгы ошол аралда өткөн. Рианнанын толук аты - Робин Рианна Фенти. Рианнанын чыгармачылык шыгы мектепте окуп жүргөндө эле байкалган. Өзү окуган мектепте өткөн сынактарга активдүү катышып, “Сулуулук жана талант” сынагынын жеңүүчүсү болууга да жетишкен. Ыр-бий жагынан шыгы бар окуучулардын катарында жүрүп дайыма ырчы болууну кыялданып келсе да, кыялдануусу турмушта иш жүзүнө ашат деп эч ойлогон эмес. Качан гана Нью-Йорктон келген Эван аттуу продюсер Рианнанын ырдаганын бир кечеден угуп жактырып калып, бирге иштешүүнү сунуш кылганда болочок ырчыда үмүт пайда болгон. Жаш кыздан мыкты ырчы чыгарына көзү жеткен Эван аны Нью-Йоркко чакырат. Рианна продюсердин сунушун ойлонбостон кабыл алып, 2005-жылы Барбадостон Нью-Йоркко келген. Ошол күндөн тартып болочок жылдыз ырчылык карьераны баштоого бел байлаган. Анын “SOS” деген ыры чыгары менен хит-параддардын алдынкы орундарын ээлеп, түнкү клубдардан, күйөрмандарынын унааларынан жаңыра баштайт. Ырчынын дал ушул ыры “Nike” деген компаниянын жарнамасында жаңырган. Андан көп өтпөй “Music Of The San” деген альбому жарыкка чыгып, миллион нуска менен дүйнө жүзүнө тараган. Аталган альбом ырчынын популярдуулугун бир канча тепкичке көтөргөн. Ал эми экинчи романтикалуу “If Its Loving That You Want” аттуу ыры да хит ырлардын катарынан орун алган. Өзгөчө “You Don’t Love Me No, No, No” деген романтикалуу ыры көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан.
* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы АКШнын Уэст-Уорик шаарынын "Station" клубунда концерт болуп жаткан учурда атылган фейерверктен улам өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 100 киши каза болуп, 230 адам жаракат алган.
20-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан