Бишкек шаарында кичи автобус менен троллейбус сүзүшүп, анын кесепетинен 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 18-февралда Юнусалиев көчөсүндө болгон. Жол кырсыгынан улам кичи автобустун айдоочусу жана 1 жүргүнчүсү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.