Ак-Суу районунда “карагайларды мыйзамсыз кыйышкан” деп шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга "Кайырма-Арык айылында МАН үлгүсүндөгү унаада карагай жүктөлүп турат" деген билдирүү келип түшкөн. Бул маалыматты тактоо үчүн аталган дарекке ыкчам тергөө тобу келген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында унаанын ичинде узундугу 5 метрди түзгөн 15 даана карагай бар экени аныкталган. Карагайларды мыйзамсыз кыюуга шектелип Кайырма-Арык айылынын 29 жаштагы К.Самарбек, 32 жаштагы И.Анарбек, 22 жаштагы А. уулу Айбек жана 28 жаштагы У.Сүйүнбек аттуу тургундары кармалышты. Сурак учурунда кылмышка шектелип кармалгандар карагайды сатуу максатында кыйышканын айтышкан. Алардын айтымында, карагайларды “Ири-Күнгөй” токой чарбачылыгынан кыйышкан жана анын ар бири 3300 сомго бааланган.
Учурда кармалгандарга карата 164, 279-беренелер боюнча кылмыш иши козголду. Андан сырткары аталган токой чарбачылыгынын жетекчилигине да чара көрүлмөкчү.