Борбор калаада "зордуктоого аракет кылган" деген шек менен шаардын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 33 жаштагы калаа тургуну кайрылган. Анда ал чала таанышы борбордогу батирлердин биринен күч колдонуу менен аны зордуктоого аракеттенгенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 27 жаштагы тургун кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдөө.