Баткен облусунун символу болгон айгүл гүлү азайып кетти. Аны кол салуудан коргоо үчүн атайын корук курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-февраль күнү маалымат жыйынында өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков билдирди.
Анын айтымында, бул гүл бизде бир гана Айгүл аттуу тоодо өсөт. Аны ар ким каалаган убагында түбү менен жулуп ала берип, гүлдүн саны азайып баратат.
“Айгүл тоосун тосмо менен курчап, ичиндеги айгүл гүлүнүн жакшы өсүшүнө шарт түзүп бергени жатабыз. Азыркы тапта тосмосуна эле 2,5 миллион сом сарпталып, ал жасалып бүтүп калды. Ал эми ичине суу киргизүү жана башка жумуштар үчүн дагы 10 миллион сом сарптайбыз”,- деди Жеңиш Разаков.