Жеңиш Разаков: "Эмгек акынын аздыгынан Баткен облусуна жүздөн ашык мугалим жана дарыгер жетишпейт"

Эмгек акынын аздыгынан Баткен облусуна 107 мугалим, 109 дарыгер жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн, 20-февраль күнү маалымат жыйынында өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта облуста химия, биология, математика жана башка сабактар боюнча адистешкен мугалимдер тартыш.

“Албетте, мындай көйгөй бизде гана жаралууда деп айтуудан алыспыз. Маселе кадрлардын жетишсиздигинде эмес, маянанын аздыгында болуп жатат. Мисалы, жакында окуусун Москвадан бүтүп келген эки дарыгерге облуска келип иштөөнү сунуштадык, бирок алар айлык акынын 12 миң сом экенин укканда иштейин деген ойлорунан артка кайтышты.

Эгер биз өзүбүз үчүн жаркын келечек самасак, анда медайымдардын айлыктарын 15 миң, ал эми дарыгерлердин маянасын жок дегенде 20 миң сомго чейин көбөйтүшүбүз керек”,- дейт Разаков. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан