Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош жана Баткен облустарындагы аскердик даярдыктан өткөрүүчү согуштук талааларында 16-21-февраль күндөрү БТР-70 менен МТЛБ аскердик унааларынан атуу техникаларын өздөштүрүшүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө аскер кызматкерлери эффективдүү ок атуунун негиздерин үйрөнүштү. Техникалык жактан даярдоодо чек арачылар танкаларга пулемёт коюу, чалгындоо, түндө согуштук унааны башкарууну үйрөнүшүүдө. 20-февралда "Ош" чек ара отрядында БТР-70 жана МТЛБ аскердик унааларынан атуу боюнча окуулар өттү. Жалпысынан чек ара кызматкерлери аталган унааларда 440 чакырым аралыкты басып өтүштү.