Былтыр Баткенде 11-январда Тажикстан менен болгон чек ара жаңжалына байланыштуу көмүр менен цемент өз деңгээлинде экспорттолбой калган. Мунун кесепетинен облуста өнөр жай өндүрүшүнүн физикалык көлөмү жана салык топтоонун көлөмү толук аткарылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков билдирди. Анын айтымында, былтыр Баткен районунда болгон куралдуу кагылышуу Тажикстан менен чек араны 82 күнгө жапты.
“Баткен боюнча жалпы көмүрдүн өндүрүлүшү бир жылда 200 миң тонна болот. Анын ичинен биздин облуска керектелчү кара алтындын көлөмү 80 миң тонна, калганы экспортко кетиши керек. Чек ара жабык болгондуктан өтпөй калды, цемент дагы ошондой болду. Кошумчаласам, цементтин бир топ бөлүгү дал ушул Тажикстан мамлекетине кетет. Ошону менен көмүр 5 миң тоннага, ал эми цемент 40 миң тоннага аз экспорттолду”,- деди Разаков.
“Мен облус жетекчиси катары айтып коюшум керек. Акыркы 2-3 жылдан бери мамлекет тарабынан жана өлкө башчы тарабынан Баткен облусуна жакшы көңүл бурулууда. Чек ара аймактарында тактоо иштери жүрүп жатат. Бул ишти бизде атайын өкмөттүн алдында түзүлгөн комиссия алып барат.
Бир топ чек ара аймактарыбызды бекемдеп, жакшыртканга шарттар түзүлдү. Мисалы, былтыркы жылдын эсебинен Евросоюздун каржылоосу менен 8,6 миллион евро сарпталып, Көк-Талаа - Пүлгөн айланма жолун бүтүрүп алдык. Быйыл ал пайдаланууга берилди. Заманбап технология менен асфальтталган жакшы трасса болду. Бул жол аркылуу Кадамжайдан Кызыл-Кыяга бара турган жарандарыбыз көз карандысыз Кыргызстандын аймагы менен тоскоолдуксуз өтө алышат.
Андан сырткары, өзүңөр билесиңер, жыл башынан бери ММКларда чагылдырылып келген чек ара аймагында Тажик Республикасы менен бир топ түшүнбөстүктөр болду. Мисалы, Ак-Сай - Рават жолун салып бүтүрүү менен биз ошол Көк-Сай - Ак-Таш жолунда болуп жаткан чыр-чатактарды бир топ азайттык. Бүгүнкү күндө Көк-Таш - Ак-Сай, Ак-Сай - Рават жолдорунда каттам ишке кирип, биздин жарандарга жакшы шарт түзүлдү.
Ошондой эле 2013-жылдагы Сох анклавынын тегерегиндеги жаңжалдар былтыр бир да жолу кайталанган жок”,- деди Разаков.