Чоң-Алайда унаа жолдорду кардан тазалоо иштери жүрүүдө

Чоң-Алайда унаа жолдорду кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 17-18-февралда калың жааган кардын жана бороондун кесепетинен ички чарбалык унаа жолдору жабылган. Кечээ саат 20:00дө №16-Жол-тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, Кара-Шыбак айылына баруучу 7 чакырым, Кызыл-Туу айылына баруучу 3 чакырым, Жекенди айылына баруучу 1,5 чакырым ички чарбалык жол толугу менен тазаланды. Учурда Шиве айылына баруучу жолдун 2,5 чакырым аралыгы, Чулук айылына баруучу жолдун 3,5 чакырымы, Кулчу айылына баруучу жолдун 3 чакырым аралыгында тазалоо иштери жүргүзүлө элек. Аталган аймактарда жолдорду тазалоо иштери улантылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан