Кызыл-Кыяда унааны кайра каттоо үчүн 8 миң сом пара алып жаткан кызматкер кармалды

Унааны кайра каттоо үчүн пара алып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын Баткен облусу боюнча транспортторду каттоо башкармалыгынын адиси кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.
Маалыматка караганда, 2015-жылдын 19-февраль күнү Облустук ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн оперкызматкерлери тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан Баткен облусу боюнча транспортторду каттоо башкармалыгынын адиси УАЗ үлгүсүндөгү унааны кайра каттоо үчүн айдоочудан опузалап 8000 сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан