Самаркандек айыл аймагына караштуу Самаркандек айылындагы сел каналынын нугун тазалоо иштери башталды. Бүгүнкү күндө 1000 чакырымдын 450 чакырым аралыгында жумуш аткарылды. Жумушка 1 бульдозер (БМ-10) тартылды. Натыйжада 80 турак үй, 15 гектар эгин аянты, 800 метр ички жол кырсыктардан корголот.
Ошондой эле Кара-Бак айыл аймагынын Кызыл-Бел, Чет-Кызыл айылдарында дренажды тазалоо иштери башталып, 1500 чакырым аралыктын 1000 чакырым аралыгында жумуш аткарылууда. Натыйжада ички жолдор жана 25 гектар үлүш жери коопсуздандырылат.