Борбор калаада жол эрежелерин сактоо жана унаа тыгындарын азайтуу максатында 16-мартка чейин бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган бир айлыктын алкагында Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери
тыгындарды азайтууга багытталган бир катар иш-чараларды өткөрүшөт. Андан сырткары аталган кызматтын кызматкерлери жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктоо, тиешелүү чараларды көрүү боюнча иштерди аткарышмакчы.