Бүгүн, 20-февралда Бишкек шаарынын жана Манас айылынын окуучулары үчүн аскердик окуу жайда Ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, алар генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн Аскер институту менен таанышып чыгууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, институттун курсанттары окуу мекемесинин түзүлүү жолу тууралуу, генерал-лейтенант, Советтер Союзунун Баатырынын өмүр таржымалы, Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктери тууралуу айтып беришти.
Экскурсия учурунда окуучулар армиянын куралдануусунда турган аскер техникасы менен артиллерия куралдары, ошондой эле аткыч куралдардын үлгүлөрү менен таанышып чыгышты. Балдар курсанттар билим алып жаткан окуу жайдын аудиторияларында болушуп, сабактарга катышууга уруксат алышты.
Мындан тышкары алар Башкы штабдын Аскер-аба базасындагы аскердик-авиациялык техникаларын көрүштү.