
* Мындан 21 жыл мурун, 1994-жылы "Супер сулуу-2011" сынагындагы баш байгенин ээси
Айсулуу Өмүралиева төрөлгөн. Ал 3-классынан тарта эле ар кандай сынактарга катышып келген. 2011-жылы "Супер сулуу" сынагын жеңип, бүтүндөй дүйнө элин укмуштуудай тездикте өнүгүп бара жаткан экономикасы менен таң калтырган Кытай өлкөсүнүн Хайнань аралына барып эс алып келген. Андан сырткары Кыргызстанда өткөн "Фэшн Хаус Интернешнл" сынагында “Жаңы жүз-2011” деген наамды алса, Москвада өткөн ошол эле "Фэшн Хаус Интернешнл" сынагында “Мыкты модель-2011” деген наамды жеңип, Нью-Йоркко жолдомо алган.

* Мындан 58 жыл мурун, 1957-жылы Орусиянын Эл артисти, Мамлекеттик Думанын депутаты (2010-жылдан бери), “Любэ” тобунун жетекчиси
Николай Расторгуев Москва шаарына жакын жайгашкан Быково шаарчасында Вячеслав жана Ольга Расторгуевдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жашынан музыкага кызыккан болочок ырчы мектепте гитарада кол ойнотуу жагынан эч кимди алдына чыгарчу эмес. Муну менен катар эле окуу жагын да унутта калтырбаган Николай Расторгуев мектепте жалаң "5" деген баага окуган. Ошол эле учурда кээде сахнага чыгып ырдап да койчу. Мектепти аяктаган соң Николай жакындарынын берген кеңештерине баш ийип, Москва технологиялык институтунун жеңил өнөр жай тармагына тапшырат. Ошол кезде эле "Алты жаш адам", "Ырларга салам" деген вокалдык аспаптар ансамблдеринде иштеген. 1989-жылдын 14-январында “Любэ” тобу түзүлгөн. Дал ушул күнү белгилүү композитор жана продюсер Игорь Матвиенко түзгөн топко Расторгуев кошулуп, анын үнү менен эң алгачкы "Батька Махно", "Люберцы" аттуу ырлары жаздырылган. Бул ырлардан кийин эле топтун атактуулукка болгон жолу ачылып, көпчүлүктүн көңүл борборунан орун тапкан.

* Мындан 69 жыл мурун, 1946-жылы англиялык актёр, режиссёр, “Алтын глобус”, “Эмми”, "BAFTA" сыйлыктарынын лауреаты
Алан Рикман Лондондо туулган. Алан Рикман алгачкы жолу Брюс Уиллис менен биргеликте "Крепкий орешек" тасмасына тартылып, ал фильм 1988-жылы экранга чыккан. Ал эми 1992-жылы жарыкка чыккан "Робин Гуд: Принц воров" тасмасындагы аткарган ролу менен Алан терс каармандардын мыкты аткаруучусу экенин далилдей алган. Ал эми эң биринчи оң каармандын ролу 1991-жылы көрсөтүлгөн "Искренне, безумно, сильно" тасмасында берилген. Андан сырткары Алан Рикман Гарри Поттер жөнүндө тартылган фантастикалык фильмдерде, "Дворецкий", "Парфюмер: История одного убийцы", "Царь горы" ж.б. тасмаларда мыкты ролдорду жараткан.

* Мындан 91 жыл мурун, 1924-жылы базар экономикасына каршы чыккандыгы менен таанымал Зимбабвенин президенти
Роберт Мугабе туулган. Ал Зимбабвени 1980-жылдан тартып башкарып, бирок расмий түрдө 1987-жылы өлкөнүн президенти болуп шайланган. Учурда Роберт Мугабе дүйнөдөгү эң улуу мамлекет башчылардын бири катары белгилүү.