
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту "
Санжар Кадыралиевди атып өлтүргөн" деген шек менен кармалып, айыпталып жаткан
Алтынбек Итибаевди өмүр бою эркинен ажыраткан. Аткаруучуга карата жаза белгиленгени менен, сотто иштин уюштуруучусу катары өтүп жаткан дагы бир айыпталуучу
Мурасбек Маташев эркиндикке чыккан. Сот анын жасаган ишинен жетишерлик деңгээлде кылмыш курамын тапкан эмес.

* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы Голливуд актрисасы
Дрю Бэрримор Лос-Анжелес шаарында төрөлгөн. Кичинекей чагында атасы мас абалында үй-бүлөсүнө кол салып, алардын арасында Дрю дагы кордук көрүп чоңойгон. Дрюнун кинокарьерасы ымыркай кезинде эле башталган. 9 айлык наристе кезинде жарнамалык түрмөккө тартылган болсо, 2 жашында алгачкы жолу “Неожиданная любовь” киносунда чакан роль жараткан. Беш жылдан кийин ийгилик коштоп, Спилбергдин “Инопланетянин” фильмине тартылуу менен атагы алыска тарап, ушундан кийин “Американын чыныгы супер жылдызы” деген атка конгон.
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы "Түркияда аскердик төңкөрүш даярдаган" деген шек менен армияда кызмат өтөгөн жана отставкадагы 50гө жакын жогорку чиндеги аскер камакка алынган. Түрк прокурорунун маалыматында, аталган офицерлер “Балка” деген аталыштагы төңкөрүш планы боюнча өлкөдө жардырууларды уюштуруп, жоопкерчиликти исламчыл фундаменталисттерге оодарышмак. Мындан улам исламга ыктаган бийликтеги “Адилет жана өнүгүү” партиясы менен Ататүрк негиздеген секулярдык саясатты жактаган түрк армиясы ортосунда тирешүү курчуган.

* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы СССРдин Эл артисти театр жана кино актрисасы
Людмила Касаткина узакка созулган оорудан улам 86 жаш курагында каза тапкан. Людмила Касаткина бүткүл СССРге "Укротительница тигров", "Душечка", "Принцесса цирка" ж.б. тасмалары аркылуу белгилүү болуп, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.