
* Мындан 53 жыл мурун, 1962-жылы КРнын Эл артисти, “Эне-Сай” тобунун негиздөөчүсү, музыкант
Курмангазы Азыкбаев туулган. Ал 37 музыкалык аспапта профессионалдык деңгээлде кол ойнотот. Виртуоздун репертуарында 54 аспаптын аталышы бар. Азырынча үлгүрүп ойногон аспаптарынын саны 37. Азыкбаев аспаптардын санын кырктан ашырып, "Гиннесстин рекорддор китебине" катталсам деген изги тилек менен жашап келет.

* Мындан 42 жыл мурун, 1973-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти жана Эл артисти
Роза Аманова Токтогул районунун Токтогул шаарында туулган. 1991-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын, 1993-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун, 1997-жылы Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүргөн. 1998-жылы Курмангазы атындагы Казакстан мамлекеттик консерваториясынын "Казак музыкасы жана дүйнөлүк музыканы изилдөө" кафедрасына аспирантурага кабыл алынган. 1999–2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук консерваториясынын Салттуу музыка жана фольклор кафедрасынын окутуучусу, 2004-жылы өзү уюштурган Салттуу музыкалык борбордун жетекчиси, 2008-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде доцент болуп иштеп келген. 2006-жылы искусство таануу илимдеринин кандидаты болуп, Р.Аманова 2009-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамына татыктуу болгон. Ал "Мен сени сагынгым келет", "Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо", ж.б. обондордун автору. "Курманбек", "Олжобай менен Кишимжан" аттуу эпосторду айткан дастанчы.

* Мындан 61 жыл мурун, 1954-жылы Украинанын 3-президенти, мамлекеттик жана саясий ишмер
Виктор Ющенко мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы англис тилинен сабак берсе, апасы физика жана математика мугалими болгон. Виктор Ющенко 1975-жылы финансы-экономика институтун аяктап, экономика илимдеринин кандидаты болгон. Бала кезинен бери тарыхый мааниси бар эски буюмдарды коллекциялап келген. Живописке да кызыгуусу болгон. Украинада банкир катары белгилүү болгон. 2005-жылы Украинадагы революциядан кийин өлкөнүн президенти болуп шайланып, 2010-жылдын 25-февралына чейин иштеген.

* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Орусиянын Сочи шаарында 22-Кышкы Олимпиада оюндарынын жабылыш аземи өткөн. Салтанаттуу иш-чара Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы
Томас Бах жана Орусия Федерациясынын Президенти
Владимир Путиндин катышуусунда болгон. 1000 адамдын аткаруусунда Орусиянын гимни жаңырып, андан кийин мелдешке катышкан 80 мамлекеттин бардык спортчулары ортого чакырылган. Анын ичинде
Евгений Тимофеев да Кыргызстандын желегин көтөрүп чыккан.