14-февралда саат 18:30да Бишкек шаарынын борборунда “Мен сүйүүгө ишенем” аттуу иш-чара өтөт. Аталган иш-чаранын уюштуруучулары “дүйнөдө сүйүү бар, аны бир гана тасмалардан чагылдырбастан, жандуу көргөзөлү” деген максатта кечинде шаардын тургундарын шам жандырууга чакырат. Мындан сырткары бул күнү сүйүшкөндөрдүн урматына ар кандай кызыктуу оюн-зооктор, сынак жана бийлер көргөзүлмөкчү.