Токмок шаарында кечээ, 20-февралда “Себат” түрк лицейинин окуучулары массалык түрдө тамактан ууланышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ууланып, медициналык жардам алгандар 1-класстан 5-класска чейинкилер. Тамакка ууланып кайрылгандардын саны 57ни түздү. Аларга медициналык жардам көрсөтүлдү. Ооруканага жаткырылгандар болгон жок. Мунун келип чыгуу себеби санитардык эрежелердин сакталбаганынан улам экени маалым болду. Учурда текшерүү, иликтөө иштери жүрүп жатат.