Бүгүн, 21-февралда Бишкек шаардык мэриясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Мэриядан кабарлашкандай, атайын уюштурулган түшкү тамактанууга согуштун ардагерлери, концлагердин туткундары, майып болгондор жана Ленинград блокадасында калгандар чакырылган. Тамак үстүндө ардагерлер согуш жылдарындагы кыйынчылыктарды сөз кылып отурушту.
Мэрия тарабынан чакырылган 22 ардагерге 1000 сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөтүлдү. Буга катар каттоодо турган 383 ардагерге дагы ушундай эле өлчөмдөгү каражат тапшырылды. Каражат шаардык мэриянын бюджетинен каралган.